Бүгүн, 3-февралда депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган  «Органика – Агродиалог» аталышындагы жыйын  болуп өттү.

Бүгүн, 3-февралда депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган «Органика – Агродиалог» аталышындагы жыйын болуп өттү.

Навигация

Агро новостиАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

Новости сельского хозяйства Кыргызстана

Бүгүн, 3-февралда депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган «Органика – Агродиалог» аталышындагы жыйын болуп өттү.

4 февраля 2026

 

Иш-чаранын максаты – органикалык айыл чарбасын системалуу өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдар, фермерлер, ишкерлер жана илимпоздор ортосунда натыйжалуу диалог түзүү болду.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, агрардык илимдин адистери, органикалык продукция өндүрүүчүлөр, сертификаттоочу уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Депутат Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбанын өлкө үчүн стратегиялык маанисин белгиледи. «Органикалык айыл чарба - бул экологиялык таза азык-түлүк гана эмес, бул дыйкандардын кирешесин көбөйтүү, экспорттук потенциалды кеңейтүү жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу маанилүү багыт. Бүгүнкү «Органика – Агродиалог» жыйыны мамлекеттик органдар менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы ачык диалогду күчөтүп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», — деди эл өкүлү.
Жыйындын жүрүшүндө органикалык айыл чарбасындагы учурдагы абал, сертификация жана стандарттар, экспорттук мүмкүнчүлүктөр, инвестиция тартуу маселелери жана дыйкандардын практикалык тажрыйбалары боюнча баяндамалар жасалды. Талкуунун алкагында тармакты өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү сунуштар айтылып, пикир алмашуулар болду.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

<< вернуться к списку новостей

SZ
Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Авторские права ОПАЛ 2006-2025

При поддержке:  

  Top.Mail.Ru   Яндекс.Метрика  

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта