Улуу Жеңишке 80 жыл: Панфилов дивизиясынын аскери Карим Акматов

Улуу Жеңишке 80 жыл: Панфилов дивизиясынын аскери Карим Акматов

Навигация

Агро новостиАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

Новости сельского хозяйства Кыргызстана

Улуу Жеңишке 80 жыл: Панфилов дивизиясынын аскери Карим Акматов

24 апреля 2025

9 мая отмечается 80-летие Победы в Великой Отечественной войне. Информационное агентство АКИpress публикует материалы о подвигах кыргызстанцев, участвовавших в войне.
Кайрат Каримов рассказал о подвиге своего дедушки — Карима Акматова.
"Мен сиздерге менин чоң атам жөнүндө айтып бергим келет. Бүгүнкү баяндамам – өз айылына жана өлкөсүнө зор салым кошкон адам, кыргыз элинин уулу, көптөгөн ордендердин ээси, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Панфилов дивизиясынын аскери – панфиловчу Акматов Карим жөнүндө болмокчу.
Менин чоң атам Акматов Карим 1915-жылдын 25-февралында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Борбаш айылында төрөлгөн. Ал согушка чейин, мектеп жашынан өтүп кеткен чоңдордун сабатсыздыгын жоюу менен алектенген.
Согушка чейин:

  • 1930–1937-жылдары Ош облусунун Янги-Ноокатрайонунун "Кызыл-Октябрь" айылдык кеңешине караштуу "Коммунист" колхозунда колхозчу болупиштеген;
  • 1938–1939-жылдары ошол эле колхоздо катчы болуп иштеген;
  • 1939–1942-жылдары "Кызыл-Октябрь" айылдык кеңешинин катчысы болгон.
1942-жылдын 20-октябрында Советтик аскер катарына чакырылып, Ноокат РВК аркылуу 19-Гвардиянын аткылоочу полкунун сапёр бригадасына кабыл алынган. Согуш учурунда ал эки жолу жарылуудан жаракат алып, контузия болгонуна карабастан, айыгып кайра согушкакайтып барган.
Ал ондон ашуун орден жана медаль менен сыйланган. Айрымдарын айтсам:
  • "Медаль за отвагу" – 1944-жылдын 25-январында Ново-Сокольниковский районунун Капусница кыштагында душмандын мина талаасынан жана тикен зымдарынан эки жолу өтүп, чалгындоо тобуна 20–30 метр алыстыкта, катуу аткылоого карабастан, душмандын дзотуна жетүү үчүн жол ачып бергендегиэрдиги үчүн;
  • "Слава" III даражадагы ордени – 1944-жылдын 10-октябрында Огре шаарын бошотууда 50дөн ашуун минаны таап, ошол эле шаарга жакындаганда, сапёрлортобу менен бирге душмандын ок жаадырганына карабай, эки көпүрө куруп, жөө аскерлердин жана полктун артиллериясынын тез өтүшүн камсыздагандыгы үчүн;
  • "Красная звезда" ордени – фронттогу командачылыктын күжүрмөн тапшырмаларын үлгүлүү аткарганы жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн берилген.
1945-жылы Балтика деңизине карай качкан фашисттик топ капитуляцияланып, Латвия менен Литванын ортосундагычек арада Курляндиялык топтун капитуляциялык актысына кол коюлган. Бул иш-чарада Жогорку командачылык штабынын өкүлдөрү – маршалдар А. Васильевский, Л. А. Говоров, А. И. Еременко катышкан.
Акматов Карим 1945-жылдын 25-сентябрындагы Указ менен демобилизацияланган. Согуштан кийин өз айылынынжана бүткүл Ноокат районунун турмушуна активдүү катышкан. 1975-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин:
  • 1946-1947-жылдары Ош облусунун Янги-Ноокат районунун Караван айылында жайгашкан "Ичкилик" МТСинде партиялык уюштуруучу болуп иштеген;
  • 1948-1953-жылдары ошол эле МТСте участкалык агроном болгон;
  • 1953-1955-жылдары Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде тамеки өндүрүшүнүн бригадири болуп иштеген;
  • 1956-1975-жылдар аралыгында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде участкалык салык инспектору, тоок фермасынын жетекчиси, бак-чарба иштеринин бригадири болгон.
Ал өзгөчө боорукер адам болгон жана жардамга муктаждарга дайыма кол сунчу. Акматов Карим – балдары үчүн мыкты ата, неберелери үчүн татыктуу чоң ата болгон. Ал кадырлуу өмүр сүрүп, 1989-жылдын декабрь айында дүйнө салган.
Бүгүнкү күндө Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылындагы орто мектепке Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Панфилов дивизиясынын катардагы гвардиячысы панфиловчу Карим Акматовдун ысымы ыйгарылган.
Биз үчүн канын төккөн, бизге жана балдарыбызга жаркын келечек тартуулаган чоң аталарыбыздын эрдиктерин унутпашыбыз керек.
Эч ким унутулбайт – эч нерсе унутулбайт".

Источник: akipress.kg

<< вернуться к списку новостей

SZ

Авторские права ОПАЛ 2006-2025

При поддержке:  

  Top.Mail.Ru   Яндекс.Метрика  

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта