Выборы 2020. Нурбек Алимбеков: "Биз ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтөбүз"

Выборы 2020. Нурбек Алимбеков: "Биз ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтөбүз"

Навигация

Агро новостиАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

Новости сельского хозяйства Кыргызстана

Выборы 2020. Нурбек Алимбеков: "Биз ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтөбүз"

17 сентября 2020

Кыргызстанда айыл чарба өлкө экономикасынын реалдуу секторунун артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Агрардык тармакты өнүктүрүү - аймактарды жана жалпы ата-мекендик экономиканын өнүгүүсү менен түздөн-түз байланыштуу. "Кыргызстан" саясий партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбеков менен өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалы тууралуу маек курдук.
- Саламатсызбы Нурбек мырза, Кыргызстан агрардык өлкө деп айтып келебиз. Негизи эле өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалы кандай?
- Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан тартып, биз мурунку өнүккөн айыл чарба тармагыбызды сактап кала алган жокпуз. Башкача айтканда, социализм доору аяктагандан кийин бул секторду модернизациялоо абдан жай ыргакта жүрдү. Туура эмес пайдалануудан айыл-чарба жерлери деградацияга дуушар болду. Реформалар өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке албастан жүргүзүлдү. Үрөөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбалары жоюлуп кетти. Ички жана тышкы рыноктордо баа түзүлүш процесстерин иликтөө боюнча кесипкөй талдоочулук изилдөөлөр болбой жатат. Натыйжада, айыл чарбасынын азыркы абалы азыркы замандын талаптарына жооп бербейт. Ошондуктан, жогоруда айтып өткөн көйгөйлөрдүн баарын мамлекеттик деңгээлде чечүү бүгүнкү күндүн талабы болуп турат.
Бул тармакты өнүктүрүү боюнча "Кыргызстан" партиясынын кандай программасы бар?
- Биздин "Кыргызстан" саясий партиясынын программасында өлкөнү өнүктүрүү боюнча 5 приоритеттүү багыты бар. Анын ичинде айыл чарба тармагы өзүнчө каралган. Анда биз дыйкандарды ыктыярдуу кооперативдерге бириктирүү керектигин сунуштап жатабыз. Ошондой эле, биз Айыл чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, айыл чарбанын башкаруу системасынын реформасын жүргүзөбүз. Так маалыматты чогултуу, алдын ала пландаштыруу боюнча иштерди күчөтүү же келерки жылдары кайсы айыл чарба продукциясына көбүрөөк муктаждык болоорун аныктоо, заманбап сугат системаларын орнотуу жана башка иштердин эффективдүүлүгүн кескин түрдө жогорулатабыз. Биз айылдык дыйкандардын продукцияларын пландаштыруунун жана сатуунун толук кандуу тутумун камсыздайбыз. Андан тышкары, жеңилдетилген насыялоонун жаңы механизмин түзөбүз.
- Нурбек мырза, дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү керек деп калдыңыз. Эгер дыйкандарды кооперативдерге бириктирсек, кандай артыкчылыктарга ээ болот?
- Бүгүнкү күндө биздин фермерлер көп учурда өндүргөн продукцияларын чет элдик сатып алуучуларга жеткире алышпайт жана алардын өндүргөн продукциялары чет өлкөлүк кардарлардын суроо талаптарын канааттандырбай жатат. Эгерде дыйкандарыбыз кооперативдерге бириксе, көп артыкчылыктарга ээ болушат. Мисалы, биринчиден, алар айыл чарба техникасын сатып алуусу жеңил жана арзан баада болот. Анткени, техниканы кооперативдин жамааты биригип сатып алып, мурдагыдай 1-2 же 5-10 гектар айдоо аянттын иштетпей, жүздөгөн айдоо аянтын толугу менен иштетүүсүнө жол ачылат. Бул өз убагында чыгашалардын кескин түрдө азайышына алып келет. Экинчиден, жүздөгөн гектар айдоо аянтына жашылча жемиштердин бир сортун эгип, өстүрсө болот. Ошондо жыйналган түшүмдүн көлөмү сатып алуучулардын кызыгуусун жаратат. Үчүнчүдөн, дыйкандарыбыз биригип, айыл чарба тармагы боюнча күчтүү адистерди жалдап алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Андан тышкары, айыл чарбаны өнүктүрүүдө илимий ыкмаларды колдонуп, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажырыйбаларын изилдеп, алар менен алака түзүп иштөөгө көп мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
- Экспорт, кайра иштетүү тармагын алдыга жылдыруу үчүн "Кыргызстан" партиясы кандай аракеттерди көрөт?
- Башта айтып өткөндөй эле, биздин партиянын алдыга коюп жаткан приоритеттеринин бири - натыйжалуу эл аралык саясат. Бул биздин өлкө үчүн турмуштук зарылчылык. Башкача айтканда, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуу мүмкүнчүлүктөрүн жана ВСП+ (Европа Биримдиги Кыргызстанга берген Жалпы жеңилдетилген тутумун колдонуу) макамынын алкагында биздин Европага чыгууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү 100 пайыз пайдаланышыбыз керек. Тилекке каршы, Кыргызстан ЕАЭБдин жана ВСП+ макамынын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай жатат. Кыргызстан өз экономикасын, айыл чарбасын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүнүн бардык көлөмүн колдонушу керек. Ошондой эле биздин максат - Европанын сатуу рыногу аркылуу өлкөнүн экспорттук кирешелерин көбөйтүү болуп саналат.
Аткаруучу: "АКИ Кыргызстан" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: "Кыргызстан" саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 17-сентябры
"Кыргызстан" саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен "Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж).

Источник: akipress.kg

<< вернуться к списку новостей

Авторские права ОПАЛ 2006-2020

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта