Дыйкандарга 4,7 млрд сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди

Дыйкандарга 4,7 млрд сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

Ferma.kg  Айыл-чарба порталы
ОсОО

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Дыйкандарга 4,7 млрд сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди

13 сентября 2017


 

 
 
30-августка карата "Айыл чарбасын каржылоо – 5" долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын 10 810 айылдык товар өндүрүүчүсүнө 4,7 млрд сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Берилген каражаттардын 788,1 млн сому өсүмдүк өстүрүүчүлүккө, 3 млрд сому мал чарбачылыкка, 909,8 млн сому кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө багытталды.
 
Эскерте кетсек, "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагындагы кызматтарды андан ары өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялык каражаттар менен камсыздоо жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоордун алкагында 2017-жылы өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, мал чарбачылыкты, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү жана айыл чарба тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык коюм менен берилет.
 
Маалымат булагы-http://www.vb.kg/kabarordo

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Капельное орошение, тепличная пленка, купить в Бишкеке
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg
Алые маки

Авторские права ОПАЛ 2006-2017

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта