Кочкордо агроном жана ветеринарларга велосипед тапшырылды ( Ветеринарам и агрономам Кочкорского района были вручены велосипеды)

Кочкордо агроном жана ветеринарларга велосипед тапшырылды ( Ветеринарам и агрономам Кочкорского района были вручены велосипеды)

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

Ferma.kg  Айыл-чарба порталы
ОсОО

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Кочкордо агроном жана ветеринарларга велосипед тапшырылды ( Ветеринарам и агрономам Кочкорского района были вручены велосипеды)

13 сентября 2017


 

 
 
Кочкордогу айыл өкмөттөрдөгү агроном жана ветеринарларга велосипед тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга БУУнун Азык-түлүк программасынын Кочкор райондук пилоттук долбоорунун инженери Насир Абдылдаев билдирди.
 
Маалым болгондой, социалдык өнүктүрүүнүн кошумча жигердүү чараларын киргизүү боюнча Кочкор районундагы пилоттук долбоордун алкагында аталган программа тарабынан Кочкордун айыл аймактарында бирден агроном жана ветеринар адистери кызматка алынды.
 
Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашылча-жемиш, кылкандуу дан өсүмдүктөрдү, жылдык тоют чөптөрдү өстүрүү агротехнологиясы жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, чарбасындагы мал жандыктарды багуу, алардын ооруларын алдын алуу боюнча тренингдерди өткөрүп, практикалык жардамдарды көрсөтүүдө.
 
Адистердин ишинин натыйжасын жакшыртуу максатында офистик оргтехника жана тийиштүү маалыматтар менен камсыз болушту. Айыл аймактарды толук камтуу максатында ар бир айыл өкмөттө иштеген адистерге жана Ж.Тойгомбаев атындагы №15 лицейге баасы 9 миң 800 сом турган 12 велосипедди райондук социалдык өнүгүү башкармалыгын жетекчиси Батырбек Абдымамытов жана долбоордун инженери Насир Абдылдаевдер тапшырды.
 
Маалымат булагы - naryn.turmush/kg

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Капельное орошение, тепличная пленка, купить в Бишкеке
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg
Алые маки

Авторские права ОПАЛ 2006-2017

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта